Ош шаарында бодо малдын жана койдун этинин баасы кымбаттап кеткенине байланыштуу Ош шаарынын мэриясы калаадагы эт саткан соодагерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 20-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри
Замир Аскаров, калаадагы эт сатуучулар, мал союучу жайлардын ээлери, базар жетекчилери катышты.
Жыйында Ош шаарынын биринчи вице-мэри акыркы мезгилде малдын этинин баасы себепсиз кымбаттап жаткандыгын айтып: “Азыркы учурда базарда бодо малдын этин 365-370 сомдон, койдун этин 360-365 сомдон сатып жатасыздар. Бодо малдын баасы бир топ эле арзан. Ош шаарынын мэриясы, Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти менен биргеликте эсептеп чыктык. Ага ылайык, уйдун эти 355, койдун эти 345 сомдон сатылууга тийиш”,- деди.
Калаа бийлиги тарабынан коюлган баага сатуучулар макул болушту. Мындай баадан кымбат саткан сатуучуларга чара көрүү сунушу да айтылды. Ошондой эле жыйында эт сатуучу жайлардын санитардык абалы талапка жоп бербегендиги белгиленип, бир ай ичинде бардык шарттары нормага ылайык келбеген жайлар жабылары эскертилди.