Электр энергиясынын тарифтерин азыркыдай 70 тыйындык чекте калтырууга (700 киловатт үчүн) мүмкүн же мүмкүн эместиги азырынча белгисиз. Муну энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев 20-февралда маалымат жыйында билдирди.
18-февралда президент Алмазбек Атамбаев министр Кубанычбек Турдубаевди кабыл алып, өкмөт калк үчүн электр энергиясына болгон социалдык тарифти 1 киловатт-саатка 70 тыйындын деңгээлинде сактоого тийиш экенин айткан эле. "Бардык эсептөөлөрдөн кийин биз сунуш киргизишибиз керек. 70 тыйындык тарифти калтырууга болорун же болбой турганын азырынча айта албайм. Муну Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги чечет",- деди министр.
Өкмөт жазында тарифтерди кайра көтөрүүнү пландоодо. Ага ылайык, 1-апрелден баштап абоненттер 700 киловаттка чейинки электр энергиясынын 1 киловатты үчүн азыркыдай 70 тыйындан эмес, 84 тыйындан төлөй башташат. Азыркы тарифтер боюнча абонент 700 киловатт электр энергиясы үчүн 70 тыйындан, андан ашканына 1 сом 85 тыйындан төлөйт.