Ахматбек Келдибековдун аялы Аида Токтоматованын иши текшерүүгө алынат

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Саламаттыкты сактоо министрлигине Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Аида Токтоматованын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 15-январда аталган борбордун айрым кызматкерлери Д.Ниязалиева менен жолугушуу өткөрүшкөн. Анда алар борбордун башчысынын милдетин аткаруучу А.Токтоматова тарабынан бир топ мыйзам бузуулар болгонун айтышкан. 
Вице-премьер-министр айтылган маалыматтарды тактоо жана алардын негизинде корутунду чыгарууну буюрду. Эгер маалымат аныкталса, Токтоматовага тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан