Жоомарт Оторбаев: "Тоо-кен тармагы өнүкмөйүнчө Кыргызстан өнүкпөйт"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-февралда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынына катышты. Премьер-министр белгилегендей, геологиянын мүмкүндүгү толук бааланган эмес. "Совет мезгилинде геология бюджет түзүүчү негизги тармактардын катарында болгон, анда көптөгөн жумуш орундары болуп, бул тармакка карай ири инвестициялар тартылган. Советтер Союзунан калган пландар көз карандысыз Кыргызстандын өнүгүү шартында толук ишке ашырылышын камсыздоо керек",- дейт Оторбаев.

Премьер-министр аталган тармакты өнүктүрүү үчүн иш орундарын жана салыктык базаны түзүү зарылдыгын белгиледи. "Тоо-кен тармагын өнүктүрбөй туруп Кыргызстанды өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн резерв жана ресурстарды табуу керек",- деди премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан