"Ахматбек Келдибеков дарыланууга кайрадан чет өлкөгө кетиши керек" деди жактоочусу

"Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун дарылануусу толук бүтпөгөндүктөн, депутат кайрадан дарылануусун улантууга кайрадан чет өлкө кетиши керек. Бул үчүн тиешелүү документтер бар". Муну депутаттын жактоочусу Татьяна Чильникина бүгүн, 20-февралда Келдибековго козголгон кылмыш ишине байланыштуу уланган соттук отурумда билдирди. Анын айтымында, депутатка Малайзияда операция жасалып, Түштүк Корея жана Малайзиядан кароодон өткөрүлгөн. "Эми депутат ай сайын эки жолу медициналык кароодон өтүп турушу керек",- деди Чильникина. 
Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан