КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Салык кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-январында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты коммерциялык банктардын төлөм системдеринин инфраструктурасын кеңейтүү жолу менен Кыргыз Республикасында накталай акча түрүндө эмес төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн көбөйтүү болуп саналат. Мыйзамда банк жабдууларын (банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банк күркөлөрү) импорттоодо КНС төлөөдөн бошотуу каралат. Мыйзам убактылуу мүнөзгө ээ жана 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.