Кыргызстанда мугалимдердин тажрыйбасына ылайык эмгек акы төлөө системи кайра киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда өкмөт жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.
Анын айтымында, мындай демилге мугалимдердин аздыгынан көтөрүлүүдө. "Статистикага таянсак, 1-февралга карата 2,5 миңге жакын мугалим жетпей жатат. Акыркы жылдары айлык акы көтөрүлгөндө 73 пайыз жаш мугалимдер жумушка орношушту. Ошол эле учурда тажрыйбасы көп мугалимдер кете башташты, анткени эмгек акы төлөөдө тажрыйбаны эске алуу жокко чыгарылган. Мындан улам ушул маселени чечүүдө жаңы механизмдин үстүнөн иштеп жатабыз",- деди министр.