Алмазбек Атамбаев өзүнүн парламенттеги өкүлүнө сөгүш берди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында Кыргызстандын президентинин позициясын туура эмес тааныштыргандыгы үчүн президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевге сөгүш жарыялады. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы бүгүн, 21-февралда кол койгону айтылды.   

Эскерте кетсек, 20-февралда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү президенттин парламенттеги өкүлү М.Абдылдаев парламент жыйынында мамлекет жетекчисинин мектеп окуучуларынын хиджаб кийүүсү боюнча позициясын туура эмес түшүндүргөнүн, ал үчүн М.Абдылдаев жоопкерчилик тартарын жарыялаган эле.

"Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "мусулмандардын кийими" деген терминди таптакыр кабыл албайт, ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген, айрыкча балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо",- деп билдирген президенттик аппараттан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан