Жылдыз Мамбеталиева юстиция министри болуп дайындалды

Бүгүн, 21-февралда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйруктун негизинде Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна Кыргыз Республикасынын Юстиция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады. 

Жылдыз Мамбеталиева тууралуу учкай маалымат:

Туулган жылы - 1971-жыл, 26-январь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, адистиги - укук таануу.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис. 
Акыркы мезгилде иштеген кызматтары:
2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында укуктук камсыз кылуу жана кадрлар кызматы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2008-жылдан бери юстиция министринин орун басары болуп иштеп келген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан