Бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында депутат Нуркамил Мадалиев кыргыз жериндеги орусча аталыштагы жер-суу аттарын өзгөртүү маселесин көтөрдү.
"Кыргыз-орус мамлекеттеринин ортосундагы мамилелер мындан ары да достук маанайда уланышы керек. Бирок достук мамиле биз тараптан жасалган "уступка" менен гана болбошу шарт. Жер-суу аттарынын кыргыз тилинде гана болгону туура. Орусча аталыштагы айылдарды кыргызчага которсок, орустар капа деле болбосо керек. Мисалы, Ак-Суу айылын Беловодск деп жүрөбүз, Теплоключенка деген жер бар. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов "бул маселени карашыбыз керек, бирок азыр эмес" деп маалымат бериптир же бул ишти саясатташтырып жатат. Жер-суу аттарын өзгөртүү - биздин милдетибиз",- деди депутат.
Мындан тышкары депутат өлкөдө чет мамлекеттердин аталыштарын да бир системге келтирүү зарылдыгын айтты. "Кээде Япония, кээде Жапония же Орусия жана Россия деп колдонулууда. Өкмөт же аталган комиссия тиешелүү чечим чыгарып, тилдин өнүгүшүнө салым кошушу керек",- дейт Мадалиев.