"Кумтөр" кенинде талкаланган мөңгүлөрдүн баасы - 8 миллиард 400 миллион сом". Муну депутат Улукбек Кочкоров парламенттин 26-февралдагы жыйынында билдирди. Депутат "Кумтөрдү" улутташтырбай туруп мамлекетке алып коюуга болорун айтат.
"Мына, парламентте минералдык сууларды ичип отурабыз, 1 литрин 6 сомдон алып жатабыз. Жанагы талкаланган 70 миллион метр куб мөңгүнү сууга айландырып, литрин 6 сомдон сатсак, 8 миллиард 400 миллион сом болот. Ишкананы улутташтырбай туруп, "банкрот абалына келди" деп мамлекетке алып койсок болот",- деди Кочкоров.