Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы музейде “Дүйнө - объективде” аттуу сүрөт көргөзмөсү болот
Бүгүн 8-ноябрда саат
15:00дө “Мир” телекомпаниясынын 20 жылдыгына арналып, Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт искусство
музейинде сүрөт көргөзмөсү өтөт. Аталган көргөзмө “Дүйнө - объективде” деп
аталып, анда “Мир” телеканалынын КМШнын 11 өлкөсүндөгү өздүк фотокабарчыларынын 70тен ашык эмгектери көрсөтүлөт.
Көргөзмөгө катышуучулар аталган телекомпаниянын 20 жылдык тарыхындагы урунттуу
учурларды чагылдырган сүрөттөрдү көрө алышат.