Парламенттин бюджет жана финансы комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Энергетикалык секторду өнүктүрүү саясатын колдоого операциялар" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Чечим комитеттин 2-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин айтымында, бул макулдашууга ылайык, каржылоонун жалпы көлөмү 24 миллион доллар. "Анын 10,8 миллиону грант түрүндө, 13 миллиону насыя түрүндө берилүүдө. Бул насыяны төлөө мөөнөтү 36 жыл",- деди Калиев.