Түштүк Кореяда Түндүк Кореяга материал жөнөтүүгө аракет кылган 6 америкалык кармалды

Түштүк Кореяда Түндүк Кореяга пластик бөтөлкөлөр аркылуу ар түрдүү материалдарды жөнөтүүгө аракет кылган 6 АКШ жараны кармалды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20-50 жаш курагындагы 6 америкалык Сеулдун батышындагы Канхва аралында болжол менен 1300 бөтөлкөгө күрүч, 1 долларлык банкнотторду салып, аларды деңиз аркылуу Түндүк Кореяга жөнөтүүгө аракет кылышкан.

Алардын аракетин байкап калган аскердик бөлүк полицияга кабар берген, андан соң жарандар кармалып, суракка алынган.

Түштүк Корея бийлиги алардын үстүнөн өзгөчө кырдаалдар жана коопсуздукту башкаруу мыйзамын бузуу боюнча кылмыш ишин ачты. Шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү котормочу аркылуу алынат.

Ошондой эле бул аймак 2024-жылдын ноябрында "кооптуу зона" катары жабылган жана Түндүк Кореяга материал жөнөтүүгө тыюу салынган административдик чечим алигиче күчүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан