Бүгүн, 2-мартта мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси тууралуу декларацияларын кабыл алуу аяктайт

Мамлекеттик саясий кызматта иштегендердин жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу декларацияларын кабыл алуу мөөнөтү бүгүн, 2-мартта бүтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан кабарлашты. Муниципалдык кызматта иштегендер үчүн да декларация тапшыруу мөөнөтү бүгүн аяктайт. Кирешеси тууралуу документин тапшыра электер бүгүн саат 18:00гө чейин беришсе болорун эскертет аталган мекеме. 
13-февралга карата 1578 мамлекеттик кызматкер 2014-жылкы кирешелери тууралуу декларация тапшырганы буга чейин айтылган.  
Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан