Тажикстанда 1-мартта парламенттин Төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоодо президент Эмомали Рахмондун Тажикстан элдик-демократиялык партиясы жеңүүчү аталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шермухаммад Шохиендин билдиришинче, аталган партия шайлоочулардын 65,2 пайызынын добушун алган. Мындан тышкары 5 пайыздык чекти Агрардык партия (11,8 пайыз добуш алган), "Экономикалык реформа" партиясы (7,6 пайыз добуш алган), Социалисттик партия (5,5 пайыз добуш алды) басып өтүп, өкүлдөрү парламентке киришти.
Ислам кайра жаралуу партиясы менен Коммунисттик партия 5 пайыздык чекти багынта албай калды.