Жоомарт Оторбаев: "Өкмөт коомчулук үчүн ачык болушу керек"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2-мартта өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиеваны кабыл алып, облустун 2014-жылда аткарган иштерин жана 2015-жылда аткарылчу пландарын талкуулашты. Жолугушуу башында Оторбаев өкмөттүн ишинин негизги критерийлери өлкө жарандарынын ишеним деңгээлин жогорулатуу экенин билдирди. "Аткарыла турган жумуштар тууралуу элге маалымдалып турушу кажет. Өкмөт коомчулук үчүн ачык болуш керек",- деди Оторбаев. Андан сырткары премьер-министр акыркы эки жылда өкмөткө Талас элинин ишеними жогорулап калганына токтолду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан