Талас шаарында алдамчылык жана тоноо фактыларына шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган Д.Н. аттуу кыз таанышынын ишенимине кирүү менен товарларын алып, бирок кайрып берген эмес. Ошондой эле ал өспүрүм кыздын кийип жүргөн күрмөсүн күч колдонуп тартып алган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.