Алмазбек Атамбаев: "Биздин максатыбыз – эгемендүү Кыргыз Республикасынын туусу көккө желбиреген эркин жана гүлдөгөн мамлекет куруу"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм!

Кыргыз эли нечен кылымдардын катаал сыноолорунан өтүп, бизге эң башкы байлыгыбыз - мамлекеттүүлүктү мурас кылып калтырган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы олуттуу сыноолор эркиндиктин жана көз карандысыздыктын чыныгы баасын ачык көрсөттү. Бирок көптөгөн кыйынчылыктар бизди чыйралтты, намысыбызды бүлөп, ынтымагыбызды арттырды. Эгемендүү жаш мамлекетибиз өнүгүү жолуна түштү.

Үстүбүздөгү жыл кыргыз жеринде "Улуттук экономиканы чыңдоо жылы" деп жарыяланды. Биз мамлекетти чыңдоого жана өнүктүрүүгө айрыкча көңүл бөлө баштадык. Биз кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны мамлекеттик тууну көргөндө өзүн ынтымактуу чоң үй-бүлөнүн мүчөсү катары сыймыкка бөлөнүп, өлкөнүн тагдыры жана анын келечеги үчүн жоопкерчиликти сезүүгө жетишишибиз керек.

Биздин максатыбыз – эгемендүү Кыргыз Республикасынын туусу көккө желбиреген эркин жана гүлдөгөн мамлекет куруу, мамлекет үчүн өз өмүрүн аябаган ата-бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоо.

Ушул жаркын майрамда бардык мекендештерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Мамлекетибиз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп-өнүгө берсин! Өлкөбүздүн ачык асманы алдында ар дайым Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу бийик желбирей берсин!"

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан