Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин отурумунда депутат Дастан Бекешев элдик мыйзам чыгаруу демилгесин парламентке жеткирүү мөөнөтүн 65 күндөн 23 күнгө чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Анын айтымында, азыркы мыйзамга ылайык, элдик демилгелерди экспертизадан өткөрүүгө 30 күн, каттоодон өткөрүүгө 30 күн жана Юстиция министрлигинин демилгечи топтун каттоо жөнүндө чечимди кабыл алышына 5 күн бекитилген. "Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, экспертизага 10 күн, каттоодон өтүүгө 10 күн, каттоо жөнүндө чечим кабыл алышына 3 күн деп өзгөртүү демилгеленүүдө",- деди Бекешев.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинде мыйзам долбоорлорун демилгелөөгө элдин (10 000 жана андан ашык жаран) укугу бекемделген. Элдик демилге жол-жобосу "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" мыйзамда бекемделгенине карабастан, Жогорку Кеңеш ушул кезге чейин эл демилгелеген бир да мыйзам долбоорун карай элек.