"Ата Мекен" партиясынын лидери
Өмүрбек Текебаев партиянын лидерлигине мураскер издөөдө. Бул тууралуу Текебаев "Ата Мекен" партиясынын Жалал-Абад шаарында жана Ысык-Көл облусунда өткөн жыйындарында билдирди.
"Мамлекетте жетекчилер гана эмес, партиянын төрагалары да алмашуусу зарыл. Мен партияны 23 жылдан бери башкарып келе жатам, 20 жыл оппозицияда жүрдүм. Мамлекеттик бийликке келгенибизге 3 гана жыл болду. 2019-жылы "Ата Мекен" партиясынын лидерлигин башка бирөөгө өткөрүп берем. Ал лидер партияны кийинки жаңы шайлоолорго даярдап, алып чыгат",- деди Текебаев.