Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети 3-мартта элдик демилгени парламентке жеткирүүнүн мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуш-пикирлерди кабыл алуу менен 1-окууда жактырды.
Комитет мүчөлөрү жана өкмөт өкүлдөрү мыйзам долбоорун талкуулоодо өз сунуштарын айтышты. Айрыкча элдик демилгени экспертизадан өткөрүүгө 30 күндү калтыруу, каттоодон өткөрүүгө 10 эмес, 15 күн деп өзгөртүү, ал эми демилгечи топту каттоо боюнча чечим кабыл алынышына 5 күн бойдон калтыруу сунушталды. Демилгечи депутат Дастан Бекешев сунуштарга макул болду.
Айта кетсек, элдин керектүү добушу менен демилгеленген мыйзам долбоорун парламентке киргизүү үчүн экспертизадан, каттоодон өткөрүү жана демилгечи топту каттоо боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн 65 күндөн 23 күнгө чейин кыскартуу сунушталган эле.