Ошто милиция менен эл арасында кызматташууну күчөтүү максатында форум өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Форумга КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жарандык активисттер жана жергиликтүү тургундар чакырылган. Иш-чара эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө өспүрүмдөр арасындагы көйгөйлөр талкууланат. Форумдун экинчи бөлүгүндө жер-жерлердеги негизги маселелер айтылып жана аларды чечүү жолдору сунушталат. Ал эми форумдун аягында резолюция кабыл алынмакчы",- деди Ж.Ашырбаев.