Былтыр өлкөдө кесиптик-техникалык окуу жайлар оптимизацияланып, 51 миллион сом үнөмдөлдү

Былтыр өлкөдө кесиптик-техникалык окуу жайларды оптимизациялоодон улам бюджеттен 51 миллион сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 3-марттагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр 18 кесиптик-техникалык окуу жайы бириктирилип, 9 окуу жай болуп түзүлдү. "Окуу жайлардын администрациялары гана бириктирилди, студенттер мурунку эле имараттарда билим алып жатышат",- деди министр. 
Азыранкулов кесиптик-техникалык окуу жайларды кармоого жылына 900 миллион сом бөлүнүп келгенин кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан