Гезиттерде жарнамаларды эки тилде чыгарууну токтотууга багытталган мыйзам долбоорун парламент комитети 2-окууда жактырды

Бүгүн, 3-мартта гезиттердеги жарнамаларды эки тилде чыгарууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети экинчи окууда жактырды. 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Өмүрбек Текебаев билдиргендей, азыркы тапта мезгилдүү басылмалар бүткүл дүйнөдө кризиске учурап жатышат. Мыйзам боюнча, бүгүн гезиттер жарнаманы кааласа-каалабаса дагы кыргызча-орусча басып чыгарышы керек болууда. Мындай жагдайда гезитте көп көлөмдү ээлеп калып жатат жана кошумча каражатты талап кылат. Андыктан сунушталган мыйзам долбоору аркылуу “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктуна мезгилдүү басылмалардагы жарнама ал басылма чыгарылган тилде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде жайылтылышын караган ченемди киргизет.

Ал эми мурдагы талап көчөдөгү көрнөктөргө, телеканалдардагы жарнамаларга кала берет. Себеби аларда көлөм чектелбейт, кошумча каражат талап кылынбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан