Кыргыз мамлекетинин Австриядагы элчиси Эрмек Ибраимов менен Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү академиясынын аткаруучу катчысы Мартин Кройтнер жолугушту. ТИМдин маалымат кызматы 3-мартта билдиргендей, кыргыз өлкөсү аталган уюмга кошулуу боюнча быйыл 20-январда арыз берген.
Кройтнер тийиштүү нормаларга ылайык, кыргыз тарап аталган академияга быйыл 20-мартта кошуларын билдирди. Ибраимов кыргыз мамлекетинде коррупция менен күрөшүү боюнча ири иштер жүрүп жатканын, өлкөнүн уюмга кошулушу маанилүү экенин белгиледи. "Жолугушууда академиянын түзүмү, негизги милдеттери жана максаттары, коррупция менен күрөшүү жаатындагы иштери тууралуу маалымат айтылды. Жыйынтыгында тараптар кыргыз өлкөсү менен Эл аралык коррупцияга каршы академиянын ортосунда тыгыз кызматташтык орнотуу зарылдыгын айтышты",- деп билдирет ТИМ.