2-мартта Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы элчиси Абдилатиф Жумабаев Сауд өнүктүрүү фондунун Азия аймагы боюнча департаментинин башкы директору Мухаммад аль-Арифи менен жолугушту.
Бул тууралуу кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын декабрь айындагы Сауд Арабиясына болгон иш сапарында кол коюлган келишимдерге жетишүү маселеси талкууланды. Андан сырткары аталган фонддун өкүлдөрүнүн жакынкы аралыкта инвестициялык долбоорлор багытында Бишкекке иш сапары менен келүү маселеси каралды.