Урмат Аманбаеванын ордуна депутат болуп Болот Сулайманкулов бекитилди

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаеванын бошогон ордуна депутат болуп Болот Сулайманкулов бекитилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 3-марттагы жыйынында кабыл алынганын БШКдан билдиришти. Эскерте кетсек, У.Аманбаева жыл башында мандатынан ажыратылган эле. Себеби толугу менен бул жакта.  
Болот Сулайманкулов:
1969-жылдын 28-июнунда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Киров айылында туулган. Жогорку билимдүү. Фрунзе шаарындагы К.Скрябин атындагы Айыл чарба институтун аяктаган, адистиги - инженер-мелиоратор. Кошумча билим алып, юрист адистигине ээ болгон. 

Эмгек жолу:

1992-жылы - "Электротехник" чакан ишканасында инженер.

1993-1996-жылдары - "Сулайманкул" дыйкан чарбасынын башчысы.

1996-1999-жылдары - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызмат өтөгөн.

2006-2007-жылдары - Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы.

2008-жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорттук ишканасында улук аналитик болуп иштеп келген.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан