Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын экинчи этабын баштады. Жеке жактар 31-мартка чейин 2014-жылы алынган кирешелери, жер тилкелери жана мүлктөрү, экономикалык ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчёт берүүлөрү керек.
"Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү",- деп билдирет мекеме.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө айып салынат.