Бүгүн, 3-мартта парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттеринин кошмо жыйынында
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова маалымат берет.
Жыйын аталган комитеттердин демилгеси менен өткөрүлөт. Ал «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин жыйынтыктарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык уюштурулууда.