Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин катышуусу менен 3-мартта Бишкек шаардык укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Маматалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыштардын бетин ачуу аракети начар экенин айтат. Анын билдиришинче, 2014-жылы борбор шаардагы ар бир үчүнчү кылмыштын бети ачылган эмес.
"Биринчи кезекте аймактык ички иштер органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо керек. Тагылган милдеттерди аткаруудагы шалаакылыгы үчүн аларга керек болсо кылмыш ишин козгоо зарыл",- деди вице-премьер.
Өкмөт мүчөсү жол-кайгуул кызматкерлеринин үстүнөн арыздануулар токтобой жатканын да айтты. "Жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар уланууда. Алардын туура эмес иш-аракеттери чагылдырылган видеоматериалдар массалык маалымат каражаттарына тынымсыз чыгууда",- деди Маматалиев.