Кыргыз өлкөсүндө калкты 2017-жылга чейин социалдык коргоо программасы кабыл алынды

Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдары калкты социалдык коргоону өнүктүрүү программасы кабыл алынды. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 3-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.  
Программанын максаты - турмушу кыйын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, улгайган, социалдык жактан корголбогон категориядагы жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, аларды сапаттуу тейлөө менен камсыздоо. Программаны ишке ашырууга республикалык бюджеттен 248 миллион 860 миң сом каралганы айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан