Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө катышкан жалданма уюмдардын 50 пайызы аудитордук текшерүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин кошмо жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова билдирди.
Анын айтымында, аудитордук текшерүүдөн документтерин тапшырган жалданма уюмдар гана өтүштү. "Аудитке катышпагандар боюнча Башкы прокуратура териштирүү жүргүзсүн деп Жогорку Кеңештен жардам сурап жатабыз. Анткени аудитке катышпоо Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамды бузуу болуп саналат. Тиешелүү материалдарды Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз",- деди Ибраимова.