Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча боюнча аудиттин жыйынтыгында 4,2 миллион сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин кошмо жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова билдирди.
Анын айтымында, аудиттин жыйынтыгында 19 миллион 230 миң сомдук жоготуу, 1 миллион 84 миң сом суммасындагы акчаны уурдоо болгону аныкталды. "Бул мыйзам бузуулар жалданма уюмдардын 50 пайызында гана табылган. Калгандары аудитке катышуудан баш тартышты",- деди Ибраимова.