Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 3-мартта Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Григорий Красин менен Бишкекте жолугушту. ТИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, тараптар кыргыз мамлекети менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү жана тереңдетүү маселесин талкуулашты. Мындан тышкары учурдагы эл аралык жана аймактык кырдаал тууралуу пикир алышуу болду.
"Тараптар эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилешти",- деп билдирет министрлик.