Кыргыз мамлекетинде кесиптик лицейлерди оптимизациялоодон үнөмдөлгөн акча кыскартылбай, окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалышы керек. Мындай пикирди парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 3-марттагы жыйынында депутаттар билдиришти. Жыйында Жогорку Кеңештин "Республикалык бюджеттен каржыланган окуучулардын жана студенттердин контингентинин бар экендиги боюнча башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө жөнүндө" тийиштүү токтомунун аткарылышы талкууланды.
Депутат Каныбек Осмоналиев Токмок шаарындагы кесиптик лицейлерге кадр даярдоо ишин колго алган Өнөр жай техникумун дагы күчөтүү керектигин айтты.
Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерге көңүл буруу боюнча өкмөткө тапшырма берилип, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин жетекчилеринин маалыматтарын эске алуу чечими кабыл алынды.