Президент Алмазбек Атамбаев Аялдардын улуттук форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоп, Кыргыз Республикасынын Аялдар кыймылынын 90 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта президенттик аппараттан билдиришти.
Кайрылуунун тексти:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Аялдарынын улуттук форумунун делегаттары жана коноктору!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Аялдар кыймылынын 90 жылдыгына арналган ушул маанилүү форум менен чын дилимден куттуктайм!
1924-жылдын октябрында түзүлгөн Кара кыргыз автономиялуу облусунун лидер аялдары 1925-жылдын мартында дыйкан, батрак жана кошчу аялдарынын I съездин өткөрүшкөн. Съезддин күн тартибине түзүлүп жаткан социалисттик коомдогу аялдардын орду, алардын абалын жакшыртуунун жолдору жөнүндө маселелер киргизилген.
90 жылдан кийин эгемен Кыргыз Республикасынын активист аялдары азыркы аялдардын абалын талкуулоо, ошондой эле өлкөбүздү туруктуу демократиялык өнүктүрүүгө катышуу боюнча иш-аракеттерди пландоо максатында Аялдардын улуттук форумун уюштурушту.
Форумду өткөрүү идеясы “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун жетекчилиги астында бириккен аялдар тарабынан берилгендиги абдан маанилүү.
Кыргыз Республикасынын аялдары өлкөбүздүн экономикалык, социалдык-маданий жана саясий турмушуна кеңири катышууда. Азыркы шартта мыйзамдарда жана мамлекеттик программаларда белгиленген аялдар менен эркектердин укуктарынын теңчилигин иш жүзүндө камсыз кылуу абдан зарыл.
1995-жылы Пекинде өткөн аялдардын абалы боюнча дүйнөлүк IV конференция өлкөбүздөгү аялдар маселесин тереңдеп түшүнүүгө чоң түрткү болду. Бул конференциянын ишине кыргыз делегациясы биринчи жолу катышкан. Бүгүнкү күндө "Пекин платформасын" Кыргыз Республикасында ишке ашыруунун 20 жылдык жыйынтыгын чыгарсак, өлкөнү өнүктүрүүгө, бейпилдикти жана социалдык прогрессти бекемдөөгө аялдар зор салым кошууда. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер жана демилгеңиздер үчүн зор ыраазычылыгымды билдирем.
Кыргыз Республикасынын аялдары дайыма жигердүү жарандык позициясы жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти сезе билгендиги менен айырмаланып турат. XX кылымдын залкар аял-саясатчысы Маргарет Тетчер “адам Эверестке өзү үчүн чыгат, бирок чокусуна чыкканда өзүнүн өлкөсүнүн туусун саят” деп айткан. Сиздердин ар бириңиздер жеке ийгиликтерге жетишип, ошону менен мамлекетибизди бекемдөөгө чоң салым кошуп жатасыздар.
Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында сиздерди ушул жаркын майрам менен алдын ала куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай жана бейпилдик каалайм".