"Акаев менен Бакиевдин учурунда саясаттын асманында бир эле жылдыз бар эле: Чолпон Баекова. Роза Отунбаева президент болгондон кийин көз карашыбызды өзгөртүп, не деген аялдар биздин асманыбызга келди. Президент аял болду, башкы банкир, башкы сот, башкы прокурор аял болду. Башкы прокурор аял болуп, эркектерди отургузуп жатат. Аида Салянова мамлекеттеги коррупцияны ооздуктоодо, өлкөнүн укуктук нукка түшүшүндө асыл иштерди жасап берди. Мына, Салянованын ордуна кайрадан жаш аялзаты келип иштөөдө, бул жаңы системдин артыкчылыгы. Мен ишенем, кийинки шайлоодон кийин да аялдар биздин коомдук турмушубузда, саясатыбызда активдүү ролду ойношот".