Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Отун энергетикасы жана жер казынасын пайдалануу комитети “Кумтөр” кенинде көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйынга аталган комитеттин мүчөлөрү, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев, “Кыргыз алтын” ишканасынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышууда.
"Жыйындын катышуучулары кен жайгашкан аймактагы Давыдов мөңгүсүнүн, Петров көлүнүн, кен иштетүүдөн чыккан таштандылар сакталган жайдын абалын көрүшүп, кен казуу иштеринин жүрүшү менен таанышышты.
Депутаттар кен иштетүүдөгү экологиялык маселелерди көтөрүп, адистерден маалымат алышууда",- деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы.