Бишкекте жашы жете элек кызды сексуалдык кулчулукка сатканы үчүн үч аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1978-жылы туулган жаран кайрылган. Анда ал 28-февраль күнү Дилбара, Астра, Кенжегүл аттуу үч аял 17 жаштагы сиңдисин сексуалдык кулчулукка сатып жиберишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү үч айым кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.