Социалдык тарамактарда аял кишини жемелеп, жаагына чапкан кишинин видеосу тарады.
УКМК бул жаранды көпкө узатпай кармады. Ал ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны Р.О. экендиги аныкталды.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, жабыркаган кыз арыз менен кайрылып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.