Бишкекте 3 айлык ымыркайды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин ымыркайды 20 миң сомго сатууга аракеттенген 50 жаштагы педиатр, 40 жаштагы медайым жана кыздын апасынын кармалганы айтылган эле.
Учурда «адам сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.