Жеке детективдердин жана жекече күзөтчүлөрдүн кардарларынын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзам долбоору бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеш жактырды.
Мыйзам долбоорунда иш берүүчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында жекече детективдерге жарандардын инсандыгын мүнөздөгөн өмүр баяндарын жана башка маалыматтарын алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эмгек келишимдерин иш берүүчүлөр менен түзүүдө келишимдик негизде жыйноо укугун берүү сунушталган. Аталган ченемдин кабыл алынышы иш берүүчүлөргө абийирдүү жана кесипкер кадрларды тандоого, жарандардын инсандыгын мүнөздөгөн өмүр баянын жана башка маалыматтарды жыйноо боюнча көптөгөн изин суутпай издөө агенттиктеринин детективдик кызмат көрсөтүүлөрүн “көмүскөдөн” чыгарууга, ошондой эле жеке детективдик ишти натыйжалуу көзөмөлдөөнү жана аны камсыз кылууга өбөлгө түзөт.