Москва көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Автобустардын жүрүү схемалары өзгөртүлдү (фото)

Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат, автобустардын жүрүү схемалары өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда мэриядан билдиришти.

Москва көчөсүндө жүрүп жаткан реабилитация иштеринин алкагында, 30-июндан тарта Асаналиев көчөсүнөн баштап Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Ушуга байланыштуу, аталган бөлүктө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан мезгилде төмөнкү автобус каттамдарынын жүрүү багыттары убактылуу өзгөртүлдү:
№4(Т), 7(Т), 10(Т), 23, 25, 102, 103, 107, 195, 222 жана 227.

"Бишкек шаарынын мэриясы сиздерден алдын ала маршруттарыңызды пландап алууну жана мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдаланууну суранат — бул жолдордогу тыгындарды азайтууга жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан