Бүгүн, 4-мартта вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев былтыр 27-декабрда Ош аэропортунан 5,6 миллион долларды тоноо кылмышы боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Ички иштер министрлигинин, Транспорт жана коммуникация министрлигинин, "Манас" аэропортунун жана Ош аэропортунун жетекчилиги катышканын өкмөттөн билдиришти.
Маматалиев "Коомчулук мындай чуулуу кылмыштарга тынчсызданууда. Эмне үчүн азыркыга чейин тартип орнотула элек? Ош аэропортунун жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу керек. Кылмыш дал ошолордун шалаакылыгынан улам болгон" деп билдирип, өлкөнүн ар бир жараны өзүн коопсуз сезиши керектигин, ал үчүн аэропортто бардык шарт түзүлүшү керектигин айтты.
Ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргөнүн, ИИМдин бир катар кызматкерлери иштен алынганын маалымдады.