"Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы бала салмак кошо баштады. Учурда ал сырткы таасирлерге реакция кылып жатат, бирок дале өзүнө келе элек". Мындай маалыматты бүгүн, 4-мартта
SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери
Талантбек Өмүрбеков билдирди.
"Азырынча баланын абалында олуттуу өзгөрүүлөр боло элек. Ал качан өзүнө келерин божомолдоо да кыйын. Эсиңиздерде болсо, ал бир нече убакыттан бери тамак-аш жута баштаган. Ошондон бери ал салмак кошуп, кичине толуп калды",- дейт Т.Өмүрбеков.
Анын айтымында, учурда бала күнү-түнү 3 дарыгердин көзөмөлүндө. Буюрса, жакынкы убакыт аралыгында бала өзүнө келет деп үмүттөнүшүүдө.