Бишкекте “Энергия сатуу” ишканасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте “Энергия сатуу” ишканасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Коррупцияга каршы кызматына А.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал “Энергия сатуу” ишканасынын кызматкери Ш.А. электр приборун мыйзамдаштырып берүү үчүн 3 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taku.14.02
2015-03-05 10:42:29
Кармалып эле атышат,качан жазасын алышат экен булар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан