Ош шаарында мугалимдер былтыркы жылдан бери коммуналдык компенсация алышууда

Ош шаарында мектеп мугалимдерине былтыркы жылдан бери коммуналдык компенсация каралган. Бул тууралуу бүгүн, 6-март күнү 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы жалпы мектеп муктаждыктарына жергиликтүү бюджеттен 13 миллион сом бөлүнгөн.  

“Муну менен катар балдарга билим берүүчү эл аралык уюмдар менен кызматташууну арттырып, заманбап компьютерлер менен шаардын мектептери 38 пайызга камсыз болушту. Учурда мектептерде интернетке туташтырылып, 16 электрондук такта коюлду”,- дейт мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан