Саламаттыкты сактоо министринин орун басары
Марат Калиев отставкага кетүүгө арыз жазды. Маалыматты 6-мартта
SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты. Калиев ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүүгө арыз жазганы, учурда анын ооруканада дарылануудан өтүп жатканы айтылды.
Марат Калиев 1972-жылы 8-сентябрда туулган. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары катары 2012-жылдан бери иштеп келет.