Былтыр Ош шаарынын тазалыгын каржылоо 4 миллион сомго көбөйгөн

Былтыр Ош шаарынын тазалыгын каржылоо 4 миллион сомго көбөйгөн. Бул тууралуу 2014-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча маалымат жыйынында белгилүү болду. Ош мэриясы тарабынан атайын даярдаган видеоматериалда айтылгандай, шаарда 200 миңден ашык тургун жашайт, расмий эмес маалыматтар боюнча, жарым миллионго жакын адам бар.

“Ош тазалык” муниципалдык ишканасы 2014-жылга чейин аткарган иши үчүн 2 миллион 800 миң сом акча алып келген. Бирок былтыркы жылдан баштап бул кызматтын жумушунун көптүгүнө байланыштуу каржылоо 6 миллион 700 миң сомго көбөйтүлдү. Кошулган акчаны ишкана керектүү делген техниканы алганга жумшады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан